"Жаны Агым": "Бульдозер" акча издеп жүрөбү?

  24.05.13   14:21
 349

Кыргыз саясатчылары бир нерсе болордо сыртка ат тезегин кургатпай каттап калышат. Анын сыңарындай, оппозиция лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров да кошуна өлкөлөрдүн бирине сапар алганын эшиттик, деп жазат "Жаны Агым" гезити.

Гезит өздүк булакка таянып, саясатчынын күзгү митинг сезонуна каражат издеп жатканын маалымдаган. "Россия Мамдумасынын депутаты Владимир Жириновский 2011-жылдагы президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири акча сураганын, "акысына" Кыргызстанды Россияга биротоло энчилеп берүүгө убада кылганын жар салбады беле. Ал эми Бекназаров сырттагы "демөөрчүлөргө" эмнени убадалап жүргөнүн биле албай турубуз"- дейт "Жаны Агым".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224497

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.