Тажикстан менен товар жүгүртүү үч жылда эки эсеге өстү

  24.05.13   14:47
 269

2010-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев брифинг маалында жарыялады.

2010-жылы товар жүгүртүү 20 млн доллар болсо, азыр 43 млн долларды түзүүдө. Кыргызстан Тажикстанга электр энергиясын, унаалар жана айыл чарба техникалары үчүн тетиктерди сатат жана алюминий менен сурма сатып алат.

"Биздин шарттар жана позициялар бирдей, ошондуктан эки мамлекеттин өз ара катышын өнүктүрүш үчүн Тажикстанга соода үйүн ачсак жакшы болот эле. Анткени ал жакка азык-түлүктөр менен товарлар негизинен Кыргызстандын ташылып барат",- дейт элчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224499

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.