Бишкекте органга уурдалган балдар жөнүндө баракчалар пайда болду

  24.05.13   14:39
 352

Бишкекте органга уурдалган балдар жөнүндө провакациялык баракчалар пайда болду. Бул тууралуу борбордук ШИИБнин жетекчиси Александр Белунскас кабарлады.

Тартип сактоочулардын айтымында, акыркы бир нече күндүн ичинде шаарда мектептин жанынан жети жана тогуз жаштагы эки бала жоголуп кетип, кийин алардын денелери айрым ички органдары жок табылгандыгы тууралуу прокламациялар абдан көп таркап жатат.

Борбордук ШИИБнин жетекчилигинин айтымында мындай баракчалар эл көп чогулган жерлерде базар, аялдама жана окуу жайлардан алыс эмес жайгаштырып жатышат. Милиция мындай билдирүүлөрдү толугу менен жокко чыгарып жатат. Учурда укук коргоочулар бул билдирүүлөрдүн авторлорун аныктап жатышат. Алардлын айтымында жогорудагы иш аракеттер үчүн мыйзамда жазалоо каралган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224500

 Комментарийлер:
#1 Тахмина
2016-04-14 14:17:55 Цитата / 0 / -

Ал уурдаган адамдарды жазалаш керек Алмазбек Атамбаев ушундай иштерге жакшыраак киришсе болмок жеп жата бербей кыргызстанга не пайда тийгизди озу балдар коргобосо мекенибизди ким коргойт

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.