Стокгольмде төрт түнү катар массалык башаламандык жүрүүдө

  24.05.13   15:14
 188

19-майда Стокгольмдун батышындагы кичи райондорунун бири Хюсбюде башталган жаштардын массалык башаламандыгы төрт түндөн бери уланууда, эми Швециянын түштүк тарабына өтүүдө, деп билдирет РИА Новости агенттиги.

ТТ швед маалымат агенттиги билдиргендей, өткөн түндө өрт өчүүрүүчүлөр бригадасы 90 жолу Стокгольмдун чет жакасына өрт өчүрүү үчүн чыгууга мажбур болгон. Рогсвед районунда нааразы болгондор полиция участогун өрттөп жиберишкен. "Өрт кээ бир бөлмөлөрдөн чыккан, аны ал жердеги көзөттө тургандар өчүрүп коюшкан", - дейт Швециянын Радиосуна берген маегинде Стокгольмдин полициясынын өкүлү Туве Хегг. Анын айтуусу боюнча, башаламандыктан Хагсетра району да жабыркаган. "Бардык жерде талкалаган терезелердин айнеги, борбордо да, жанында, жада калса мектептерде да", - деди ал.

ЖМК билдирүүсү боюнча, жаштардын мындай нааразылык акциясын өткөрүүсүнүн себеби болуп мындан бир жума мурунку инцидент ойногон. Анда полиция 69 жаштагы мачете бычагы менен жүргөн адамды атып салышкан. Акциянын катышуучулары полицияны өтө ырайымсыздык кылды деп күнөөлөп, бул иш боюнча көз карандысыз изилдөө жүргүзүүсүн талап кылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224501

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.