Рахмондун иш сапарын маалында чегара маселелерин талкуулабай турган болушту

  24.05.13   14:50
 237

"Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 27-28-майда Кыргызстанга жасай турган иш сапарынын маалында чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо, чегара чатактарын чечүү талкууга алынбайт",- деп билдирди бүгүн, 24-майда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев брифинг маалында.

Элчинин айтымында, чегараны демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин эки мамлекетин өкүлдөрүнөн турган өзүнчө түзүлгөн комиссия карай турган болду. Эки мамлекетин ортосундагы чегаранын узундугу 971 чакырым.

"Анын көбүн карап чыгышты окшойт. Жергиликтүү органдарга маселени жогору деңгээлге чыгарбаш үчүн чегара чатактарын жөнгө салуу тапшырмасы берилди",- дейт элчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224502

 Комментарийлер:
#1 боря
2013-05-24 16:13:12 Цитата / 0 / -

Ушул кездешуудо чечилбеген чек ара маселесин олгонундо чечишеби?

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.