Депутаттар паспорт даярдоо боюнча мамлекеттик ишкана түзүүнү сунуш кылышты

  24.05.13   15:18
 327

Атамекенчи Туратбек Мадылбеков бүгүн, 24-майда фракция жыйынында паспорт даярдоону мамлекеттик ишканага берүүнү сунуштады.

Ал эксперттердин берген баасына ылайык, мындай ишкана түзүш үчүн Кыргызстанга 40 млн доллар керек экенин белгилеп өттү.

"Өкмөттө мындай акча жок, бирок биз ишкананы ачыш үчүн эл аралык уюмдардан насыя алышыбыз керек. Бул салым өзүн бат эле, эки-үч жылда актайт. Андан кийин киреше ала баштайбыз",- дейт депутат.

Анын кесиптеши Эркин Алымбеков мындай сунушту колдоду. Ал "паспортту даярдоо менен өлкө өзүнүн коопсуздугун камсыз кылат",- дейт.

Коргонуу, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов бул маселе боюнча комиссия иштеп жатканын, ал бир айдан кийин техникалык-экономикалык негиздемени сунуштоого тийиш экенин айтты.

"Бир жыл аралыгында, эгерде азыркы өкмөт иштеп турган болсо, биз калкты каттоодон өткөрөбүз. Негизи эле өкмөттүн туруктуу иштегени маанилүү, 2011-жылы башталган "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу өкмөт алмашып кеткенден улам ишке ашпай калды",- дейт Атаханов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224504

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.