Жаңы министр суу тартыштыгы башталганын эскертти

  24.05.13   15:27
 356

Кыргызстанда суу тартыш боло турган мезгил башталды. Бул тууралуу, бүгүн 24-майда Чолпон-Атада болгон КМШ мамлекеттеринин Электр энергетикалык кеңешинин 43-жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, суу быйыл аз, бирок ведомство түзүлүп калган жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө ниеттенип жатат. "Резервдерди издейбиз",- дейт Артыкбаев, бирок алардын кандай экенин айткан жок.

Белгилей кетсек, кеңештин жыйынында Тажикстан дагы Борбор Азиянын Бириккен энергосистемасына кирүүгө, негизинен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүгө даяр экенин маалымдашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224505

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.