Казаков: Кээде Бишкекте эркектин ысымынан коюлган бир дагы көчө жоктой сезилет

Анын айтымында, учурда жогорку кызматтагы чиновниктерден бери кыргызча сүйлөгөндө көп сөздөрдүн айтылышына маани беришпейт.
  24.05.13   15:36
 502

"Кээде Бишкекте эркектин ысымынан коюлган бир дагы көчө жоктой сезилет". Мындай пикирин бүгүн, 24-майда, "ВБ"нын жыйындар залында өткөн кыргыз тилине кошулуп кеткен жат сөздөрдү жоюуга байланыштуу тегерек стол учурунда кыргыз Эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков билдирди.

Анын айтымында, учурда жогорку кызматтагы чиновниктерден бери кыргызча сүйлөгөндө көп сөздөрдүн айтылышына маани беришпейт.

"Маселен, чиновниктер ЖМКга маалымат берип жатканда быйыл Токонбаева, Тыныстанова көчөлөрү асфальтталат деп сүйлөшөт. Жарандарыбыз деле Турусбекова же Үмөталиевадан жолугалы деп айтып келишет. Буларды угуп туруп кээде Бишкекте эркектин ысымынан коюлган бир дагы көчө жоктой сезилет. Сөздү сүйлөөрдө бир аз ойлонуш керек да", - деди Казаков.

Ошондой эле ал кыргыз тилине кошулуп кеткен жат сөздөрдүн көп колдонулуп жаткандыгын айтып өттү.

"Учурда кыргыз саясатчылары "мен ойлойм" деген сөздү төл сөз кылып алышты. Бул адабий сөз катары сиңип кетти",-деди ал.

Ошондой эле "бутунан туруп кетти" деген дагы жат сөз кеңири таркап кеткендигин айтып, нааразы пикирин билдирди.

"Кыргызда мындай сөз жок. Маселен, ооруп туруп кеткен кишини- тыңып кетти дейт, турмушу оңолгон кишини- ирденди деп коёт. Бутунан туруп кетти деген сөздү биз орустардын "встал на ноги" деген сөзүн алып эле сөзмө-сөз которуп алдык",- деп кошумчалады Казаков.

Акын, жазуучу Акбар Рыскулов мындай сөз айкалыштарынын кыргыз тилинде колдонулуусу туура эмес экендигин баса белгиледи.

"Бизге чейинки муундар дагы тилдин тазалыгы үчүн күрөшүп келишкен. Башка тилде улам пайда болуп жаткан жаңы терминдер кыргыз тилинде дагы которулууга муктаж болуп жатат. Биз кээде кыргыз тининин эң негизги мыйзамдарына балта чаап жатабыз",- деди Рыскулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224508

 Комментарийлер:
#1 Vika
2013-05-24 15:49:11 Цитата / 0 / -

Мамлекеттик бийликтегилер кыргыз тилинде суйлоодон коркот. Кечээ теледен кордум, Темир Сариев кыргызстандагы экономикалык абал тууралуу орус тилинде суйлоп жатат, ал эми угармандардын бардыгы кыргыздар.

#2 ошо да
2013-05-24 15:49:14 Цитата / 0 / -

ушуну кобуроок айтышса болмок. маршруткадан кыргызбайлардын исановадан, токтогуладан токтоп койгулачы дегенн угуп бир жерин куйот да. бир дагы жолу исановдон токтонуз деген созду уга элекмин, кудая-тобо. мен эле айтат болушум керек уметалиевден токтоп коюнуз деп ))

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.