Учактын кыйроосунан улам каза болгондордун аты жөнү тастыкталды

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
  24.05.13   15:52
 366

Бүгүн, 24-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кулап түшкөн "Ан-2" учагындагы каза болгондордун аты жөнү тастыкталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авиакырсыктан 1951-жылы туурган Бишкектин тургуну В. Матвеев, А. Токтосунов жана Аксы районунун айыл чарба департаментинин адиси, 1953-жылы туулган С. Алымбаев каза болгон.

Эскерте кетсек, кырсык эртең мененки саат 10:00 чамасында Үч-Коргон айыл округуна караштуу Жыл-Кол айылынын Картаң-Сай участкасында учак талааларды чегирткеден сактоо үчүн дезинфекция жүргүзүп жаткан учурда катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224510

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.