Каныкейдин жеке концерти жандуу үн менен өтөт

Ырчы айым 30-31-майда Спорт Ордосунда өтө турган концертке кызуу даярдык көрүүдө.
  24.05.13   16:07
 571

Анын репетициясына "ВБ"нин корреспонденттери катышты.

Ар түрдүү электр чынжырлары менен чулганган жана аппаратура менен техникага жык-жыйма толгон чакан бөлмө, так ортосунда микрофон. Бул студияда Каныкей күндө эки-үч саатан репетиция өткөрүп, жеке концертине даярданып жатат.

"Баштадыкпы?" – Каныкей музыканттарга кайрылды. Алар баш ийкеп, музыка ойной баштагандан кийин дароо эле көпчүлүктүн сүймөнчүгү болуп калган "Сарала" ырын жазбай тааныдык.

"Менин концерттеримдин бардыгы ушул ырдан башталат. Этно-рок стилиндеги бул ыр мага өзгөчө эргүү берип, энергияга толтурат", дейт Каныкей.

Ал бул ырды дагы бир ирет аткаралы деп команда берди. Кемчиликтерин оңдоо керек экен. Бирок, техниканын ийне-жибин билбеген соң, биз үчүн биринчи менен кийинки аткарылган ырлардын айырмасы сезилген жок. Бирок, Каныкей чыгармаларга кастарлап мамиле жасагандыктан, бардыгынын жогорку деңгээлде, сапаты мыкты болуусун каалайт.

Каныкейдин продюссери Чынгыз Торобековдун айтымында, Каныкейдин бул жолку концерттери мурункуларына салыштырмалуу көбүрөөк аудиторияны камтыйт. Бирок, билеттердин баасы жөнөкөй угармандар үчүн жеткиликтүү эле болот. "Мен элге жакшы маанай тартуулагым келет", - деп Каныкей жылмайды.

Андан кийин ал "Садагам" ырын аткарды. "Мага бул сөз абдан жагат. Бул аябай жакын адамдарга айтылчу жылуу сөз. Бизге учурда жылуулук, камкордук жана мээримдүүлүк ушундай жетишпейт", - дейт аткаруучу.

Репетиция өз нугу менен улана берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224511

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.