Ан-2 учагынын кыйроосуна байланыштуу кылмыш иши козголду

  24.05.13   16:20
 332

Бүгүн, 24-майда, Ан-2 учагынын кыйроосуна байланыштуу Кыргызстандын транспорт прокуратурасы "Темир жол, аба же суу транспортун эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"ВБ"га маалымдагандай, бүгүн, саат 9.34 чамасында Үч-Коргон айыл округуна караштуу Жыл-Кол айылынын Картаң-Сай участкасында учак талааларды чегирткеден сактоо үчүн дезинфекция жүргүзүп жаткан учурда кыйроого учураган. Кулап түшкөндүн кийин ал күйүп кеткен.

"Учактын эки учкучу тең каза болгондугун эске алуу менен, кырсыктын чыныгы жагдайын аныктоо үчүн кылмыш иши козголду. Иликтөө ИИМдин транспорт боюнча ички иштер башкармалыгына тапшырылды",- деп жазылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224512

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.