Москвада курулуш ишинде иштеп жаткан кыргызстандык жаран каза болду

  27.05.13   08:13
 330

Москва шаарындагы обьектердин биринин курулуш ишинде күтүлбөгөн кырсык катталды. Аталган жайдан ис чыгып, натыйжада бир жаран каза болуп, эки жаран оор абалда ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын баары кыргызстандыктар. Бирок, Орусиянын жарандыгын алып жашап атышкан.

Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиликтен билдиришкендей, кырсык бензин менен иштеп жаткан насостон ис чыкканда болгон. Ошол маалда 3 жаран иштеп жатышкан. Окуя болгон жерге дарыгерлер келген маалда, жабыркагандардын бири дем албай калганы белгилүү болгон.

Окуяга карата кылмыш иши козголду. Каза болгон жарандын денеси Кыргызстанга алынып келинди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224520

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.