Балта менен куралданган белгисиз адамдар дүкөндү тоноо аракетин көрүшкөн

  27.05.13   09:15
 258

Бишкекте балта менен куралданган белгисиз адамдар дүкөндү тоноо аракетин көрүшкөн. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну дем алыш күнү түнкү саат 22:00 чамасында "Аридан" дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип келип, аялды коркутуп, анын алтын цепочкасын алып кеткендигин айтып арыз менен кайрылган.

Свердлов РИИБнин аймактык инспекторлору окуяга шектүү деп 30 жаштагы адамды колго түшүрүшкөн. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын шериктештерин колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224529

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.