PublicPost: Арыктап кеткен мигрант Россиядан Кыргызстанга кайта албай жатат

  27.05.13   09:50
 393

Жарым жылдан бери арыктап кеткен кыргызстандык мигрантты россиялык чек ара кызматкерлери Москвадан чыгарбай жатышат. Бир жылдан бери Москвадагы курулуш иштеринде иштеген Кыргызстандын жараны аябай арыктап кеткендигине байланыштуу өзүнүн паспортундагы сүрөткө окшошпой калган. Паспорттогу сүрөткө окшоштура албаган чек арачылар кыргыз мигрантын жарым жылдан бери мекенине чыгарбай жатышат. Бул тууралуу PublicPost билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, Маратбек Эншакулов Кыргызстандан Москвага 2010-жылы келген. Ал курулушта бир жыл иштегенден кийин кайра үйүнө кайтып келинчегин табууну чечет. Бирок "Домодедово" аэропортундагы паспорт контролду өтө албайт.

"Мен аэропортко досум менен чогуу келгем, бардыгы адаттагыдай эле өтүп жаткан. Андан кийин мага паспорт меники эместигин, мен паспорттогу сүрөткө окшошпой тургандыгымды айтышты. Рейстен алып калып, атайын бөлмөгө киргизип, чекарачылар таң атканча сүйлөшүштү. Алар паспорт бөтөн бирөөнүкү экенин мойнума алуумду доолап жатышты. Бирок, ал менин паспортум да. Болгону мен көп иштедим: обои чаптадым, кафель салдым", - деп Эншакулов айтып берди.

Басылманын билдиришинче, Маратбек 25 жашта, жана ал чындап эле сүрөтүндө кыйла толугураак көрүнөт. "Домодедов" аэропортунун кызматкерлери Маратты үч күн кармашкан. Алар аны самолеттун ашы мене тойгузуп, кайра сабап жатышты. Анын Россияга жасалма паспорт менен келгендигин мойнуна алуусун талап кылышкан. Ырас, жардамга Мараттын бизнесмен-байкеси келип, Маратбекти өзүнүн карамагында болот деп алып чыгып кеткен.

Кыргызстандын элчилигинин консулдук кызматынын кызматкери Мурзапаяз Карагулов PublicPostко бул окуя тууралуу анын туугандарынан 2011-жылдын ноябрь айында уккандыгын айтып берген. Бирок мыйзам боюнча мындай маалыматты чекара кызматкерлеринен 24 сааттын ичинде алышы керек эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224531

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.