Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш Бишкекте лекция окуйт

  27.05.13   10:03
 304

Бүгүн, 27 майда, Нобель сыйлыгынын лауреаты, математика илимдеринин доктору Джон Нэш "Идеалдуу акча, сактоонун жана үнөмдөөнүн мотивдери" деген темада лекция окуйт.

Лекцияга 300гө жакын адам катышат. КРнын президентине карашуу мамлекеттик башкаруу академиясынын басма сөз катчысы Татьяна Орлованын айтымында, лекцияга катышууну каалагандардын саны миңге жеткен.

Кошумча маалымат: Джон Нэш 1948-жылы Пристон университетин бүтүргөн. Ал 1949-жылы оюндардын теориясы тууралуу диссертация жазган. Анын теориясы уюмдарды башкаруудан тартып, АКШнын тышкы саясатынын стратегиясы сыяктуу ар кыл көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн ачкычы болуп келген. Нэшанын диссертациясы болгону 27 барактан туруп, кооперативдик жана кооперативдик эмес оюндарга жана стратегиянын тең салмактуулугуна арналган. Ал диссертациясын 22 жашында жактаган. Ал эми 45 жылдан кийин, тактап айтканда 1994-жылы ал эмгеги үчүн Нобель сыйлыгына ээ болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224532

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.