Кыргызстанда олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин мааракесин өткөрүшөт

  27.05.13   10:14
 352

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев быйыл 60ка толот. Бул тууралуу оор атлетика Азия чемпионатын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди.

Ал, чемпионат Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп, бул окуя чемпиондун 60 жылдыгына туура келип калганын белгиледи. "Осмоналиевдин 60 жылдыгынын алдында чемпионатты өткөрүү символикалуу болуп калат. Андан тышкары биз ошо кездин спорт жылдыздарынын катышуусу менен мелдеш да өткөргөнү жатабыз", - деп Саралинов белгилей кетти.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону. Ошондой эле ал төрт ирет дүйнө чемпиону жана эки ирет Европа чемпиону. Ушул жылдын 19-ноябрында Осмоналиев алтымышка чыгат. Ал учурда оор, жеңил атлетика жана бокс боюнча олимпиядалык резервинин Республикалык атайын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп иштейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224534

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.