Өкмөт "Кыргызгазды" "Газпром" компаниясына сатуу тууралуу келишимди колдоду

"Газпром" газ инфраструктурасын жаңылоо жана реконструкциялаш үчүн беш жылдын аралыганда 20 млрд рубл инвестиция тартып келүүгө ниеттенип жатат
  27.05.13   10:24
 323

25-майда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы менен болгон жыйында Кыргызстандын өкмөтү менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы КРнын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишим долбоору колдоо тапты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Келишимдин негизги максаты - КРнын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу тармагында узак мөөнөттө жана өз ара пайдалуу кызматташуу, ошондой эле республиканын газ тармагына инвестиция тартып келүү.

Келишимге кол коюлган күндөн тартып "Газпром" ачык акционердик коому Кыргызстандын аймагына жаратылыш газы жеткирүү мнене иш алып бармакчы жана газ инфраструктурасын жаңылоо жана реконструкциялаш үчүн беш жылдын аралыганда 20 млрд рубл инвестиция тартып келүүгө ниеттенип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224535

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.