1-июнга карата жетим балдар үчүн "Кыялдарды ишке ашыруу" деген акция өтөт

  27.05.13   10:27
 299

Эл аралык билим берүү интеграция институтунун жаштарынан турган демилгечи топ Kyrgyz Union жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттик кеңеши, ошондой эле жетим балдарды коргоо фонду менен бирдикте 28 -29 майда "Кыялдарды ишке ашыруу" деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоочу Игорь Беляев билдирди.

Анын айтымында, 1- июнга чейин уюштуруучулар каражат чогултуп, Красноречкалык мектеп интернатына жана Панфилов балдар үйүнө жардам көрсөтүүнү пландоодо.

"Биз жардам катары буюмдарды, ар кандай таттуу тамактарды, билим алууга керектүү каражаттарды жана көркөм адабияттарды чогултабыз. Ал үчүн бийчилердин, ырчылардын жана КВНдин балдары менен бирдикте чакан концерт уюштуралы деп жатабыз. Ошондой эле балдарды Ала-Арчага алып барып келүү дагы пландалууда. Эгерде сиздер бейджик тагынып. ак коробка көтөргөн волонтерлорду жолуктурсаңыздар каржылык жана башка жардам көрсөтүүңүздөрдү суранабыз",-дейт ал.

Акцияга катышууну каалгандар төмөндөгү телфондор аркылуу байланышка чыкса болот: (0707) 05-29-25, (0550) 00-55-73.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224536

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.