Оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты КТРКдан көрсөтүлөт

  27.05.13   10:24
 400

Оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты Бишкекте өтүп, коомдук телерадиокорпорациядан трансляцияланат. Бул тууралуу чемпионатты өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

КТРКнын кызматкери билдиргендей, коомдук каналдын техникалык жабдуулары мелдешти тартып, көрсөтүүгө даяр.

Жогорку Кеңештин депутаты, Оор атлетика федерациясынын президенти Акматбек Келдибеков өз кезегинде, бир айдын ичинде коомдук каналдан оор атлетика боюнча программалар сериясы берилиши керектигин айтты. "Каныбек Осмоналиевдин Олимпияда оюндарында жеңгенин, Бекзат Осмоналоиевдин акыркы Лондон оюндарына катышкандыгын көрсөткөндүн ордуна болбогон бир нерселерди берип жатасыңар. Силер жаштарды оор атлетикага кызыктырыш үчүн бир импульс беришиңер керек", - деп белгиледи.

Эске салсак, Жаштар жана ардагерлер арасындагы Азия чемпионаты Бишкектин Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 1-8- июлга чейин өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224537

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.