Коопсуздук кеңешинин катчылары ЖККУнун өлкөлөрүнүн коопсуздугун талкуулайт

  27.05.13   10:38
 291

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчылары ЖККУга кирген мамлекеттердин коопсуздугу боюнча маселелерди талкуулайт.

Коопсуздук кеңешинин катчылары терроризм, экстремизм жана Афганистандагы жагдайдын өнүгүшүн эске алганда трансчегаралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз ара биргелешип аракеттенүүнү уюштуруу маселелерин ортого салышмакчы.

Жыйында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башкы наркологдорунун координациялык кеңешмеси тууралуу жобонун долбооруна кол коюу күтүлүп жатат. ЖККУнун алкагында тышкы саясат координациясын жакшыртуу, 2020-жылга чейин уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги батыгыттарын ишке ашыруу маселелери да каралмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224538

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.