Джон Нэш: Идеалдуу акчага инфляция мүнөздүү эмес

  27.05.13   10:40
 299

"Идеалдуу акчанын формасын аныктай алган орган зарыл. Бул алтын сымал инфляцияга чалдыкпаган акча болушу керек. Бул үчүн жезди колдонсо болот", - деп бүгүн, 27-майда, Бишкектеги лекциясы учурунда Нобель сыйлыгынын лауреаты, математика илимдеринин доктору Джон Нэш айтты.

Ал мындай моделдин пайда болушу менен "коом ал агенттикти сыйлап, баалардын индексин багыттоо укугун бериши керек". "Эгер чынчыл мамлекет факт түрүндө мындай валютаны чыгара турган болсо, менин пикирим боюнча ал агенттиктин эсептеп чыккан дефляция менен инфляциясы нөлгө барабар болот", - деген пикирин экономист билдирди.

Ошондой эле ал, өзүнүн сөзүндө, эгер өлкө өзүнүн калкына жардам бергиси келсе, каражатты керектөөгө жараша бөлүштүрүүсү кажет экенин белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224539

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.