Башкы прокуратура ККИКнин түзүүчүлөрүн алмаштыруу мыйзамсыз деп эсептейт

  27.05.13   10:52
 308

Башкы прокуратура Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин (ККИК) түзүүчүлөрүн алмаштыруу мыйзамсыз деп эсептейт. Мындай багыттагы катты көзөмөл органы "Ата-Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевге жөнөттү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2010-жылы Иран жараны Мохаммад Гафари жана Кытай жараны Бай Си Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин түзүүчүлөрүн кворумсуз өткөн жыйынында курамдан чыгарылып салынган. Түзүүчүлөрдүн курамын Consult-Development компаниясынын башкы директору Нурипа Муканова өзгөрткөн.

Бул факт боюнча 2013-жылдын февралында кылмыш иши козголуп, апрелде токтотулган. Ал эми 15-майда кылмыш ишин токтотуу жокко чыгарылып, аны кайра иликтөө үчүн тажырыйбалуу тергөөчүгө берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224541

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.