Кыргызстандагы ар бир үчүнчү бала иштейт

  27.05.13   10:54
 258

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда, тегерек стол учурундагы Балдар эмгегин жок кылуу боюнча эмгек органы эл аралык долбоорунун координатору Амина Курбанова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эмгектенип жаткан балдардын саны 592 миңге жакын.

"Эмгек процессине тартылган балдардын жашы 5тен 17ге чейин жетет. Анын 95% айыл чарбада иштешет. Балдар эмгегинин көйгөйү бул алгачкы кезекте жакырлыктын маселеси. Бул көйгөйдү толугу менен чечүү мүмкүн болбосо дагы жок дегенде алардын билим жана медициналык тейлөөнү алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Себеби, алар келечекте иштеши үчүн билим алып, дени сак болушу зарыл", - деди Курбанова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224543

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.