"Келечек" жаңы конушунда өз алдынча курулган курулуштар аёосуз сүздүрүлдү

  27.05.13   11:20
 553

"Келечек" жаңы конушундагы 6 үй, 15 дүкөн, эки мончо жана тосулган короолор сүздүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын Түштүк райондогу жеке курулуш департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, тазалыкты жөнгө салуу акциясы абдан чыңалган абалда жүргөн. Жаңы конуштагылар митинг өткөрүп, жолду тосушкан. Департаменттин, Свердлов райадминистрациясынын кызматкерлерине жана милицияга кол көтөрүп, аларды таш менен чабышкан. Ал жерге барган техниканы алгач оодарууга андан соң өрттөөгө аракет кылышкан. Алар мындай жол менен мыйзамсыз куруп алган курулуштарын сактоого аракет кылышты, - дейт Иманкулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224545

 Комментарийлер:
#1 малик
2013-05-27 18:25:41 Цитата / 0 / -

Ханды кудай ураарда оз элине каз чыгат!!! биринчи жумуш уй менен камсыз кылып койуп анан суздурбойсунорбу атка минээрлер,озунордун уйунор,байлыгынар бар,балдарынар уч эмес беш киши олтурсо деле сатып алып жатпайсынарбы!! Эми бечералар кайда барып жашашат?Оз элинер эми ушинтип силерге каз чыгат !

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.