Медакадемиянын бүтүрүүчүлөрүн үч жылга региондорго жиберишет

  27.05.13   11:47
 291

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын бүтүрүүчүлөрү жана дарыгерлери Чакан шаар, айыл жергеси жана алыскы райондордогу саламаттыкты сактоо уюмдарында адистерди ваканттуу кызматтарга тартуу программасынын негизинде региондорго барып иштөө каалоолорун билдиришти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматы кабарларды.

Белилүү болгондой 150 орунга кызматкер талап кылынган. Региондо иштеген 16 дарыгер программага кошулушту. Бүгүнкү күндө дагы 14 дарыгер билдирмелерин беришти. Анын ичинен 11и клиникалык ординатуранын бүтүрүүчүлөрү.

ССМ тарабынан адистерге абдан муктаж болгон тизмек түзүлгөн. Ошондо Ысык-Көл облусуна 23 медкызматкер, Ош облусуна – 41, Нарынга – 29, Талас облусуна – 23, Жалал-Абад облусуна – 24 жана Баткен облусуна – 11 кызматкер керек экени белгилүү болгон.

Адистердин ичинен хирург, акушер-гинеколог, педиатр, үй-бүлөлүк дарыгер, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог жана терапевтерге өтө чоң муктаждык бар.

Маалымат үчүн

Чакан шаар, айыл жергеси жана алыскы райондордогу саламаттыкты сактоо уюмдарында адистерди ваканттуу кызматтарга тартуу программасы, иштеген жеринде конкурс аркылуу өтүп, же программаны аткаруу боюнча келишим түзүү менен кабыл алынган дарыгер саламаттыкты сактоо мекемесин тейлеген казыналыктын регионалдык бөлүмүндө депозиттик эсепти ачуу эске алынган. Эсепке үч жыл бою, ар бир дарыгерге, кварталына бир жолу 38 692сомдон которулуп турат. Салыкты кармап калуу жана Социалдык фондко кетүүчү төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында жүргүзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224548

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.