"Макмалалтын" казып алуу боюнча планды I кварталда аткарган эмес

  27.05.13   11:52
 276

Мамлекеттик органдар "Макмалалтын" комбинатынын иш планын өз убагында бекитпегендиктен алтын казуу боюнча план I кварталда аткарылган эмес. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКтын басма сөз кызматы Нурлан Исаковго шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, комбинат өз ишин бекитилген план боюнча жүргүзүүдө жана анда 2013-жылы 500 кг алтын өндүрүү каралган. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында ишкана 93,99 кг алтын өндүргөн. План 82,2%га аткарылган.

Исаков пландын толук аткарылбай калашына мамлекеттик органдардын №11 кенди иштетүү долбоорун өз убагында бекитпегендиги болду дейт. Кенди иштетүү долбоору 2012-жылдын 2-кварталынан 2013-жылдын январына чейин кармалып турган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224549

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.