Бишкекте туризм боюнча II форум өтөт

  27.05.13   12:02
 307

31-майда Бишкекте туристтик форум өтүп, Кыргызстандагы бул тармактын өнүгүшүнө багытталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда басма сөз жыйыны учурунда саясий серепчи, эксперт, Tourist.kg туристтик клубдун кеңешчиси Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, "2010-жылдагы революциянын өткөнүнө үч жыл болсо дагы мамлекетте эч нерсе өзгөргөн жок". "Картайган кеңсе планктону өлкөнү эски системага салып алып, башкарып жатат. Бийликтегилер каржыны башкаруу методологиясын жана ыкмаларын кайрадан форматтап чыгышы зарыл. Tourist.kg клубунун өкүлдөрү – бул мамлекеттин кызматын аткарган балдар. Алар ички иштерге кийлигишпестен 200гө чукул компанияларды чогултуп, алардын ишмердүүлүгүн координациялап жатышат", - деди Бакетаев.

Ал туристтик клуб сунуштаган "кызматташуу системасы өлкөнү куткарат" деген терең ишеничте. Ал аталган форумга мамлекеттин президенти Алмазбек Атамбаев да чакырылганын баса белгиледи. "Иш-чара Дасмиянын жанындагы эң чоң боз үйдө өтөт. Эгер президент менен премьер-министр кластердик ыкма менен түзүлгөн жаңы системаны колдоп, бир аз мыйзамды өзгөртүүгө макул болушса, биздин балдар андан ары өздөрү компанияларды чогултуп иштешүүгө даяр", - деди Бакетаев.

Ал туристтик тармактагы кластердик системага эмки жылы өтө турган болсо, туристтик компаниялардын ИДПга кошо турган салымы 7 млрд сом болушу мүмкүн деген ишеничте.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224550

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.