Волейбол: "Салам-Алик" бешинчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду

  27.05.13   12:20
 443

Бишкектин "Салам-Алик" командасы эркектер арасында Кыргызстандын чемпиону болду.

Үчүнчү турдун чечүүчү беттешинде "Салам-Алик" коло медалга талапкер "Ош Бажы-Карасуу" командасы менен беттешти.

Үчүнчү турдун жүрүшүндө эки команда тең төрт беттеште төрт жолу жеңишке жетишкен. Акыркы бешинчи оюндагы топ эки команда үчүн тең абдан маанилүү болчу. Анткени "Ош Бажы-Карасуу" командасы колого, ал эми "Салам-Алик" алтын медаль үчүн таймашты.

Бул беттеште "Салам-Алик" үч турду тең катары менен утуп (3:0) өлкө чемпиону болду. Ал эми "" Жаңы-Муун" командасы "Динамо МВД" командасын утуп, күмүш медалга татыса, "ВВ МВД+К" коло медалды жеңип алды

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224552

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.