"Зеленстрой" кутучаларга отургузулган гүлдөрдү жол жээгине орнотууну баштады

  27.05.13   12:22
 260

Бишкекте Ибраимов, Шабдан Баатыр, Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө жана Манас проспекттинде "Зеленстрой" ишканасы кутучаларга отургузулган гүлдөрдү орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кутучаларга отургузулган гүлдөрдү Дэн Сяопин көчөсүндө (Батыш автобекети), Чуй – Манас проспекттинин кезилишинде, Чуй - Байтик Баатыр, көчөсүндө жана Ахунбаев көчөсүндөгү Ата-Түрк паркынын дарбазасында орнотуу иштери жыйынтыкталды.

Ошондой эле ЦУМдун жанына жана Тынчтык- Чүй проспекттилерине гүлдөрдүн пирамидасы орнотулду. Ош базарында, Токтогул – Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде 4 гүлдөрдүн пирамидасы орнотуу иштери башталды.

Сугат иштери үчүн күнүнө 12 машина тартылууда, анын төртөө "Зеленстрой" ишканасына, сегизөө "Тазалыкка" таандык.

Учурда сугаруу иштери борбордун бардык эс алуучу жайларында жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224553

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.