Ысык-Көл облусунда 1,5 млн сомго даараткана курулган

  27.05.13   12:33
 310

Бүгүн, 27 майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Эркингул Иманкожоева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1,5 млн сомго жакын каражатка даараткана курулгандыгын айтты.

Анын айтымында, мындай көп сумманы талап кылган ал эмне болгон даараткана экендигин текшерүүгө алуу зарыл.

Ал эми облустук прокуратуранын өкүлү бул маселе сөзсүз текшерүүгө алына тургандыгын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224554

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.