Равшан Сабиров кургак ачкачылык жарыялады

Мурдагы социалдык өнүгүү министринин адвокаты жактоочусунун ачкачылыгын соттордун аракетине байланыштуу дейт.
  27.05.13   12:36
 369

Беш жылга эркинен ажаратылган мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров Жогорку соттун судьяларын текшерүүнү талап кылып, кургак ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык сотунун чечимин Жогорку соттун күчүндө калтырышын соттордун процессуалдык мыйзам бузуу катары баалоого болот.

"Мага Сабировдун жардамчысы Мирзаахмедовдун чындыкка коошпогон кайрылуусунан кийин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Соттор иштин жүрүшүнө катышууга Сабировго мүмкүндүк берген жок",- дейт ал.

Ал ошондой эле соттор башынан эле анын жактоочусуна каршы чыгып, соттордун намысына шек келтирип жатат деди.

"Бул маселе боюнча мен Жогорку соттун чечимин кагаз түрүндө аларым менен соттор кеңешине кайрылам",- деди Айткулов.

Эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 7-мартында шаардык сот Сабировду бардык мүлкүн камакка алуу менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 23-майда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224555

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.