Атактуу баскетболчу Денис Полохин кыргызстандык спортсмендерди үйрөтөт

  27.05.13   13:06
 353

Россиянын аткатуу баскетболчусу Денис Полохин "Ай-Айкен" жана "Гиннес-29" клубдарында тарбияланып жаткан кыргызстандык жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрөт.

Белгилей кетсек, 80-жылдары жаш Полохин баскетболдогу алгачкы профессионал кадамдарын Бишкектен баштап, машыктыруучу Виталий Кириченкодон тарбия алган. Шыгы бар өспүрүмдү андан ары Воронеж шаарындагы спорт мектебине чакырышат. Бир нече жылдан кийин ал Москванын атактуу ЦСКА клубуна кирет.

Ошондой эле Полохин бир нече ирет Россиянын өспүрүмдөр курама командасына чакырылып, ар кайсы маалда Жогорку лигадагы "Триумф" жана "Спартак-Приморье" клубдарында ойногон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224558

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.