Депутаттар Ысык-Көл экопосту тууралуу даттанышты

  27.05.13   13:29
 302

Бүгүн, 27-майда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Ысык-Көл көлүнүн аймагына кире бериштеги экологиялык бекеттин ишинин натыйжалуулугу тууралуу талкуулап жатышат.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Эсенгул Исаков экопосттогу коррупциядан улам өкмөт өткөн жылы көлгө келгендер менен бекеттин кызматкерлеринин ортосундагы байланышты жоюш үчүн автоматташтырылган акы төлөө системасын киргизүү тапшырмасын бергенин белгилеп өттү. "Система орнотулду, бирок аны натыйжалуу деп айтыш кыйын. Али күнгө чейин коррупция жоюла элек, анткени жыйымдар күтүлүп жактандай көбөйүп кеткен жок. Каражаттар дагы Ысык-Көлдүн аймагындагы биосфераны коргош үчүн жумшалып жатканы көрүнбөйт",- дейт ал.

Эл депутаты "өткөн жылы өкмөт экопостко терминал орнотуунун зарылдыгы жөнүндө айтканда, терминалга түз төлөө эмес, карточка системасын киргизүүнү белгилеп жаткан",-дейт. "Бул учурда экопостто абдан көп кезекти пайда кылууда"",- деп кошумчалады Исаков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224559

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.