Коомдук фонд Жалал-Абаддык балдар үчүн гуманитардык жардам чогултту

  27.05.13   13:24
 310

"Ашар – жалпыбыздын ишибиз" коомдук кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облусундагы төрт атайын мекеме үчүн демөөрчүлөрдөн 650 миң сом каражат чогулта алды.

Белгиленгендей, Эл аралык балдар күнүнүн алдында Бишкекке гуманитардык жүк менен үч автобус келген. Акция 250 миң сомго кийим кечек, дары-дермек жана оюнчуктарды камсыздап берген Кызыл жарымай Улуттук коом менен биргеликте өткөрүлдү.

Таш-Көмүрдөгү бала кезинен инвалид болуп калгандарды колдоо жана өнүктүрүү Борборуна жумшак эмерек жана курулуш материалдарды алуу үчүн 100 миң сом берилди. Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукана эмерек, жууп-тазалоочу каражаттарды жана кийим-кечек алды. Базар-Коргондогу балдар реабилитациялык борборго муздаткыч алып келишти. Жалал-Абаддагы Балдар психоневрологиялык интернатка суу жылыткыч жана сантехника сатып алуу үчүн 100 миң сом бөлүп беришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224560

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.