"Макмал алтын": Маморгандар Кылдоо кенин иштетүүнү кечеңдетип жатат

  27.05.13   13:39
 349

Мамлекеттик органдар али күнгө чейин Кылдоо кенин "өзгөчө корголгон аймак" деген категориядагы жерден өнөр жай жерине которуу тууралуу маселени кечиктирип, мунун айынан кендеги иштердин башталышы кечеңдеп жатат. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы "Макмал алтын комбинатынын" филиалынын директору Нурлан Исаковго шилтеме кылып кабарлайт.

Анын айтымында, комбинаттын минералдык-чийки зат базасын чыңдоо максатында өкмөт "Кыргызалтынга" Макмал кенинен анча алыс эмес жерде жайгашкан Кылдоо кенин өткөрүп берүү чечимин кабыл алган жана геологиялык чалгындоо иштери башталган.

Бирок кен Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан жана буга байланыштуу "Кыргызалтын" учурда жерди "өзгөчө корголгон жаратылыш аймагы" деген категориядан "өнөр жай, байланыш, коргонуу жана башка маанидеги жер" деген категорияга трансформация кылыш үчүн министрликтер жана ведомстволор менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, Кылдоо кениндеги алтындын кенчи 6,5 тоннадан жогору деп болжолдонуп жүрөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224561

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.