Бишкекте "Балдарга майрам тартуула" акциясы өтүп жатат

  27.05.13   13:44
 296

Бүгүн, 27-майда, Бишкекте Кызыл жарым ай Улуттук коому тарабынан уюшулган "Балдарга майрам тартуула" акциясы өтүп жатат. Иш-чара Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жатат.

Жаштардын долбоорунун координатору Наргиза Таманбаеванын айтымында, акциянын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар баалуу белектерди алышып, самын көбүк жана маскарапоздордун шоусуна катыша алышат.

"30 балдар интернатынан 500 бала борбордун кинотеатрларына жана роллер-клубка бара алышат. Мунун бардыгын өлкөнүн атактуу сүрөтчүлөрү эстеликке тартып калат", - деди Таманбаева.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мындай иш-чараларды жылына бир жолу эмес андан көбүрөөк өткөрүү зарыл.

"Мен жогорудагыдай акцияларды толугу менен колдойм, бирок аны жылына бир жолу гана эмес, андан көбүрөөк өткөрүү керек. Балдар үйүндөгү балдар ал жакта жыл бою жашашат. Мен мындай бир жолку акцияларга каршымын. Балдарга арналган акцияларды Кызыл жарым ай менен бейөкмөттүк уюмдардан тышкары өкмөттүк мекемелер да өткөрүшү керек. Өкмөткө балдар менен абышка-кемпирлерге кандай кам көрүп жатканынан улам баа берилет", - деди парламентарий.

Ошондой эле депутат, өзүн бул күнү Ош шаарында болоорун кошумчалады. Ал жакта 2005-жылы чет элдик донорлор менен биргеликте үй-бүлө тибиндеги финн үйү ачылган. Анда бир үй-бүлө өзүнө 16 жетим баланы алган, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген да балдар бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224563

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.