Бусурманкул Табалдиев: Афганистанда аскерлер чыккандан кийин тынчтык болбойт

  27.05.13   14:03
 346

"Афганистандан коалициялык аскерлерди чыгаруу Борбор Азиянын республикалары үчүн дайыма көңүл борборунда турчу маселелердин бири",- деп билдирди бүгүн, 27-майда журналисттерге КРнын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев коопсуздук кеңешинин катчылары комитетинин отуруму өткөндөн кийин.

Анын айтымында, жолугушууда Афганистандан аскерлерди чыгаруунун жагдайы майда-чүйдөсүнө чейин талкууланды жана варианттар талдоого алынды.

"Бүгүнкү күндөгү иш тажрыйбасы аскерлерди бул аймактан чыгаргандан кийин аталган мамлекетте тынчтык менен туруктуулук орнобошун көрсөтүп турат. Бул үчүн согуштук ыкма менен эмес, бирок биргелешип аракеттенүү зарыл",- дейт Табалдиев.

Ал Афганистанга жамааттык жардам берүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

"Акыркы 30 жылдан бери өлкөдө согуш жүрүп жатат жана акыркы 10 жылдык согуштук жол менен туруктуулукту орнотууга мүмкүн эмес экенин далилдеди. Экономиканы көтөрүү, аскерлерди терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүү зарыл", -дейт Табалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224565

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.