"Макмал алтын" жаңы салыктардан улам жабылуу коркунучунда калган

  27.05.13   14:23
 261

"Макмал алтын" комбинаты ушул жылдын II жарымында жаңы салык саясатынан улам жабылышы ыктымал. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы "Макмал алтын комбинатынын" филиалынын директору Нурлан Исаковго шилтеме кылып кабарлайт.

Исаковдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып ишкана алтынды сатуунун кирешеси катары 0-20%дык салыкты дүйнөлүк баада төлөй баштаган. Салыктын ставкасы 9 пайыздан тартып 13 пайыздын тегерегинде болуп жатат. Биринчи жарым жылдыкта ишкана 25,2 млн сом киреше салыгын жана 7,8 млн сомду аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө төккөн.

"Эгерде биз ушул жылы 500 кг алтын өндүрсөк, анын 138,5 млн сому киреше салыгына кетет, бул биздин комбинаттын ишине эсептелген программалардын аткарылбай калышына алып келет",- дейт Исаков.

Исаков "Макмал алтын" жана "Кыргызалтын" өкмөткө киреше салыгынан бошотуу тууралуу бир нече ирет кайрылышканын, бирок жыйынтык чыкпаганын айтат. "Эгерде Тогуз-Торонун бюджетин түзүүчү, 27 жылдан бери иштеп келе жаткан "Макмал алтын" ишин токтотсо, 1200 жергиликтүү жашоочу жумушсуз калат жана социалдык жарылуу келип чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт", -деп сөзүн жыйынтыктады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224567

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.