Кыргыз тилин кыргыздар бузууда...

"Жаңы Агым" гезитинин алдында Эсенбай Нурушев баштаган кыргыз тили боюнча эксперттик топ өз ишин баштады. Алгачкы талкуу 24-май күнү болуп өттү.
  28.05.13   10:20
 803

Биз кыргыз тилин башка улуттар эмнеге үйрөнбөйт деп өпкөлөсөк өпкө казанбактай. Ошол эле учурда кыргыз тилин кыргыздар кантип бузуп жатканына маани бербейбиз. Белгилүү публицист агабыз Эсенбай Нурушов "Жаңы Агымдын" алдында тил боюнча эркин эксперттик топ түзүп, кыргыз тил маселелерин талкуулап турсак кандай болот дегенде, биз чын дилибизден колдодук. Эксперттик топко кыргыздын кыйырына таанымал, чыгармачылыкта да, коом алдында да өз орду бар ага-устаттар Анатай Өмүрканов, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов жана Эсенбай ага өзү кирет.

Өткөн жумада болгон алгачкы талкууга Анатай, Алым, Шайлообек агалар белгилүү себептерден улам катыша алышпады. Ошентсе да катышкандардын ой-пикирлери алдыңыздарда. Белгилей кетчү нерсе, бул топтун ишине тилчи-окумуштуулар, дегеле кыргыз тили үчүн күйгөндөрдүн ою, сунушу үчүн редакциябыздын эшиги дайым ачык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224568

 Комментарийлер:
#1 Замандаш
2013-05-28 06:16:40 Цитата / 0 / -

Ишиниздерге ийгилик. Кыргыз тилин оркундотолу.

#2 саламон
2013-06-01 01:31:48 Цитата / 0 / -

Жашасын Эне Тилибиз!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.