Конкур боюнча КР президентинин кубогун Өзбекстандын курамасы жеңип алды

  27.05.13   14:35
 372

Бишкектеги ат-спорту мектебинде конкур боюнча эл аралык турнир өтүп, анда Кыргызстан президентинин кубогу ойнотулду.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кыргызстандан 4 команда катышты. Кыргызстандын атынан Юрий Воронин "Атриум" аты менен, Садыр Мамытов "Куинтендро", Валентина Дуболазова "Алтын-хан" жана Ринат Галима "Арман" аты менен чыгышты.

Ошентип оюндун жыйынтыгы менен Өзбекстандын командасы эң көп упай топтоп, биринчиликти алса, орусиялыктар экинчи, кыргызстандыктар үчүнчү орунду ээледи.

"Казакстандан озуп өтүү биз үчүн жакшы жетишкендик. Ал эми Өзбекстан менен атаандашуу азырынча оор. Орусияны деле утуп алмакпыз, бирок биздин чабандесибиз абдан толкунданып, көп эскертүү алып калды",- деди Кыргызстандын ат спорту боюнча федерациясынын башкы катчысы Ильвира Жогина.

Эскертсек, президенттин кубогу үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Биринчисинде Өзбекстандын командасы жеңсе, экинчи кубокту казакстандыктар жеңген. Ал эми Кыргызстандын курамасы үч жыл катары менен коло медалды утуп келе жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224569

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.