"Сорос-Кыргызстан" тоо кен тармагындагы айкындуулук боюнча ишин күчөтөт

  27.05.13   14:37
 280

"Сорос-Кыргызстан" фонду билим берүү, укуктук реформа, элдик саясат, бюджеттин ачык-айкындуулугу, маалымат алуу маселелери боюнча иштеп жаткан программалардын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген топтордун укуктарын коргоону күчөтмөкчү. Бул тууралуу "ВБ"га фонддун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов маалымдады.

Анын айтымында, фонд мындан тышкары тоо кен тармагындагы жана энергетика тармактагы ачык-айкындуулук боюнча багыттарда да өз ишин күчөтмөкчү.

"Биздин максат - Кыргызстандын тоо кен тармагында максималдуу ачык, адилет жана конструктивдүү чөйрө түзүү. Тармак бул талаадагы айрым оюнчулар башка оюнчулардын кызыкчылыгын түшүнбөгөн жагынан татаал. Мамлекет өз кызыкчылыгын коргойт, жергиликтүү тургандар экологиялык коопсуздукка ынтызар, бизнес өз кызыкчылыктарын алдыга коет. Ушул кезге чейин менин баамымда өлкөдө конструктивдүү сүйлөшүү аянты түзүлө элек",- деп белгилейт Ибрагимов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224570

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.