Алмазбек Атамбаев Джон Нэшке: Сизди Кыргызстандан көрөм деп күткөн эмесмин

  27.05.13   15:00
 314

Бүгүн, 27-майда Алмазбек Атамбаев Бишкекке лекция окуш үчүн келген Нобел сыйлыгынын лауреаты Джон Нэшти кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

"Мен сиздин тагдырыңыз тууралуу биографиялык драманы көргөм. Сизди Кыргызстандан көрөм деп күткөн эмесмин. Сиздин тагдырыңыз абдан кызык. Сиздин иш сапарыңыз абдан маанилүү",- дейт президент.

Нэш мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди жана кыргыз аудиториясы жөнүндө өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандагы саясий жагдай талкууланды.

Эскерте кетсек, Джон Нэш – оюн теориясы жана дифференциалдык геометрия тармагында иштеген америкалык математик. 1994-жылы экономика боюнча Нобел сыйлыгын алган. Рон Ховарддын "Акыл-эс оюндары" биографиялык драмасынан улам элдин кеңири катмарына таанылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224572

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.