Дилбар Ашимбаева Pamuk.Ipek коллекциясын тартуулады

  27.05.13   14:59
 428

Таланттуу дизайнер Дилбар Ашимбаева бизди кайрадан сулуулук, көркөмдүк жана кооздуктун дүйнөсүнө сүңгүттү. Күз-кыш мезгилине арналган кийимдердин жаңы коллекциясы, көргөзмөгө келгендердин бардыгын кайдыгер калтырган жок.

Дилбар Ашимбаеванын айтымында, Pamuk.Ipek коллекциясын жаратууда ага маданияты бай кереметтүү Түркия түрткү болду. Бул "ПроСтранствие" долбоорунун кезектеги баскычы, кезектеги өлкөсү. Автор Улуу Жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин маданиятын, салтын сиңирип, өзгөчөлүгүн айкалыштырган коллекцияларды жаратууда. Өткөн жолу Дилбар көрүүчүлөргө "Влюбленной хризантемы лепестки" коллекциясын сунуштап, анда Японияны өзгөчө, жаңыча көз карашта тартуулаган.

Салтанаттын башталышында көргөзмөнүн автору эл алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал адаттагыдай кыска эле кеп козгоп, коллекциянын көрсөтүлүшү расмий эмес, символикалуу түрдө, Кыргызстандагы түрк маданиятынын күндөрүн соңуна чыгарып жатат деди. "Биз Түркиянын премьер-министринин жубайына кат жөнөткөнбүз. Анда Pamuk.Ipek коллекциясын Түркияда да көрсөтүү сунушу тууралуу жазылган. Биздин сунушубуз колдоого алынды. Ушул жылдын күз айларында Түркияда өтө турган КРдин маданият күндөрүнүн алкагында биздин жыйнак да көрсөтүлөт", - деп Ашимбаева сүйүндүрдү.

"Сааты чыкты. Сиздер эми биздин талыкпаган эмгегибиздин натыйжасын көрөсүздөр", - деп модельер жылмайды.

Pamuk – түрк тилинен которгондо "пахта, ал эми Ipek – бул "жибек". Дилбардын айтымында пахтанын образында жөнөкөй, күчтүү, март, берешен жигит чыкса, жибек бул бай шейхтин кызы Фатиманын ачык, жаркын ички дүйнөсүн чагылдырат.

"Бул кездемелер биргеликте гана Чыгыш дүйнөсүнүн бардык боекторун, маданиятын, байлыгын жеткиликтүү кылып сүрөттөп бере алат. "Пахтанын" катуулугу ар дайым жибектин куюлушкан өңү менен толукталып келет", - дейт модельер.

Көркөмдүү кечки көйнөктөр, сарафан, жакет, шым, пальто жана тренч...

Бардык кийим-кечектер Svarovsky кристаллдары жана майда мончок менен саймаланган. Татаал, оригиналдуу жана кооз сайма – бул Дилбар Ашимбаевага таандык белги экенин көпчүлүк жакшы билсе керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224573

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.