Эрлан Абдылдаев Тажикстандын ТИМ башчысы менен жолугушту

  27.05.13   15:03
 285

Бүгүн, 27-майда Бишкекте КРдин Тышкы иштер министринин (ТИМ) башчысы Эрлан Абдылдаев менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына келген Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт.

Жолугушууда эки мамлекеттин суу энергетика, транспорт тармагы, ошондой эле чегара кызматташтыгы боюнча сөз болду.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары алдыда боло турган мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы түрткү берерине ишеним билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224575

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.