ЖККУнун ТИМ башчылары менен коргоо министрлери он документке кол коюшту

Кезектеги биргелешкен жыйын үстүбүздөгү жылдын соңунда Москвада өтөт.
  27.05.13   15:16
 301

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ошондой эле коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин кезектеги биргелешкен жыйыны үстүбүздөгү жылдын соңунда Москвада өтөт. Мындай чечим бүгүн, 27-майда Бишкекте болгон биргелешкен жыйындын соңунда кабыл алынды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кабарлагандай, бүгүнкү жыйындын соңунда он документке кол коюлду.

Негизинен 2013-жылдын II жарым жылдыгына жана 2014-жылдын I жарым жылдыгына коопсуздук, коргонуу, тышкы саясат маселелери боюнча ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрүнүн консультация планы бекитилди. Мындан тышкары ЖККУнун тынчтыктык коргоо күчтөрүнүн тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды даярдоо жана жүргүзүүсү тууралуу документке кол коюлду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224576

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.