Кезектеги өкмөт башчыны айыл чарба жаатынан дайындоону сунуш кылышты

  27.05.13   15:26
 240

Бүгүн, 27-майда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы, атамекенчи Сайдулла Нышанов Кыргызстанда кезектеги өкмөт башчыны айыл чарба жаатындагы адистен дайындоо сунушун киргизди.

Жыйында депутаттар экопосттун ишинин натыйжалуулугу тууралуу талкуулап жатышат. "Ар-Намыс" фракциясынын депутат Эсенгул Исаков экопостун начар иштеп жатканына нааразылык билдирди.

Нышанов "өкмөт башчы менен элдин оюу эки башка болуп жатат",- деп белгиледи. "Бул маселени биз ал (Жантөрө Сатыбалдиев. – vb.kg) кетип, анын ордуна жаңы өкмөт башчы дайындалгандан кийин гана чече алабыз. Биз аны өзүбүз колдогонбуз, эмне кылып жатканын караңыздар. Эгерде экопосто коррупция болбосо, биз азыркыдай 10-12 млн сом эмес, 30 млн сомго чейин алат экенбиз. Акча бар жерде чатак көп болот",- деп баса белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224577

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.