Бордюжа: ЖККУга кирген өлкөлөрдүн коопсуздук коркунучтарын азайтуу каралды

  27.05.13   15:35
 323

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ошондой эле коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин кезектеги биргелешкен жыйынында аймактагы коопсуздук коркунучтарын азайтуу боюнча конкреттүү кадамдар каралды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Бишкекте болгон жолугушуунун жыйынтыгында ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа билдирди.

Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө экстремизм, баңгизаттарынын мыйзамсыз айланышы жана маалыматтык коопсуздук боюнча маселелер талкууга алынды. "Биз ошондой эле ЖККУнун аскерин өнүктүрүү жана күч потенциалын чыңдоо боюнча суроолорду ортого салдык",- деп сөзүн жыйынтыктады Бордюжа.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224580

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.