Авиация департаментинин кызматкерлерине жарым жылдан бери айлык берилген эмес

  27.05.13   15:43
 302

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы авиация департементинин кызматкерлерине жарым жылдан бери айлык беришкен эмес. Бул тууралуу жумуштан кеткен департаменттин кызматкери Юрий Вигуржинский бүгүн, 27-майда "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ал ӨКМда жети жылдан ашык иштеген. "Авиациа департаментинде мен айдоочу болуп иштегем. Мага бир жылга жакын акча жок деп айлык төлөшкөн жок. Кийин мен жумуштан кетип калдым. Мага айлык акы боюнча 104 миң сом карызы бар деген маалым кат келди. Азыр мен эмне кылаарымды, кимге кайрылаарымды билбей турам",- дейт ал.

Аталган департаментте 50дөй киши иштейт жана алардын баарынын айлыгын кечиктиришет,- деди Вигуржинский. Ал ошондой эле департаменттин кызматкерлери министрге жана анын орун басарына кире албай койгонун баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224581

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.