Бишкекте студенттердин мыкты чыгармачылыгын аныкташты

  27.05.13   15:45
 427

14-майдан 16-майга чейин Бишкек мэрия алдындагы туризм жана маданият башкармалыгы "Сейтек" балдар борборунда, иштерман жылына арналган "Жаз Бишкек-2013" студенттик чыгармачылыктын XI шаардык фестивалын өткөрүштү.

Уюштуруучулардын айтымында фестивалдын максаты студенттер арасында таланттуу кыз-жигиттерди аныктоо, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жаштар арасындагы көркөм жана интеллектуалдуулук потенцияалын жогорулатуу.

Бардыгы болуп иш чарага 1500 киши катышышты. Студенттер "музыка аспаптарында аткаруу", "Эстрада жана классика вокалы", "Көркөм окуу", "Театралдык постановка", "Дүйнө элдеринин бийи", "Манас эпосун айтуу", "КВН", "Мода көрсөтүү", "Цирк искусствосу", "Хор ыры" ж.б. номинацияларда чыгармачылыгын тартуулашты.

Фестивалдын жыйынтыгында гран-прини Бишкек гуманитардык университет жана Кыргыз-Россия Славян университети тең бөлүштү. Биринчи орунду Кыргыз экономика университети алды, экинчи орунга Кашгари атындагы чыгыш университети менен Кыргыз медицина академиясы илиништи. Коло байге Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университет жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университеттерине ыйгарылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224582

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.