Швейцария сооданы илгерилетиш үчүн 2,5 млн доллар бөлөт

  27.05.13   15:52
 249

Эртең, 28-майда Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Эл аралык соода борбору "Кыргызстандагы сооданы алга жылдыруу боюнча" программаны узартуу жөнүндө расмий жарыялайт.

Программанын жаңы фазасы жеңил өнөр жай жана тигүү тармагындагы кичи жана чакан ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатмакчы. Ага ылайык өлкөнүн экспорттук рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө зарыл болгон шарттар түзүлөт.

Программаны каржылоо 3,5 жылга эсептелген жана ага 2,5 млн доллар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, Эл аралык соода борбору Дүйнөлүк соода уюмунун жана Бириккен улуттар уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен агенттиги.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224583

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.